04.06.2021 №364 Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Чоң-Алай аймактык шайло

Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 3-июнундагы Чоң-Алай кеңешинин депутаты Р.М. Абдилакимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттын шайланган депутаттан кийинки талапкерге С. М. Мойдуновго өткөрүп берүү жөнүндө  № 1/2 чечим кабыл алган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын        6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,                 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Абдилакимов Рахимбаба Маматеминовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки талапкерге Мойдунов Сталбек Мырзажановичге өткөрүп берүү боюнча 2021-жылдын 3-июнундагы № 1/2 чечими бекитилсин.

2.  Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып Р.М. Абдилакимовдун күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. Чоң-Алай аймактык  шайлоо  комиссиясы Чоң-Алай айылдык кеңешинин шайланган депутатын каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын.

4. Бул  токтом  «Эркин-Тоо»  газетасына  жана Кыргыз Республикасынын   Шайлоо   жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун  көчүрмөсү Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына жана Чоң-Алай айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.

6. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо   Кыргыз Республикасынын  Шайлоо  жана  референдум  өткөрүү  боюнча  борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М. А. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                         

                                                                                                       

Бишкек ш., 2021-жылдын 4-июну
№ 364