№487 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Бишкек шаарындагы №1031, 1047 жана №1036 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө

2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү  боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-сентябрындагы №19/1 чечими аркылуу берилген сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине 5-бөлүгүнө, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары төмөнкүдөй өзгөртүлүп бекитилсин:
- Космическая көчөсү №160 дареги боюнча жайгашкан турак үй, №1031 шайлоо участкасынын чек арасына киргизилсин;
- Тынчтык проспектиси №29 дареги боюнча жайгашкан турак үй, №1047 шайлоо участкасынын чек арасына киргизилсин;
- 30 Жал кичирайонундагы №43 дареги боюнча жайгашкан турак үй, №1036 шайлоо участкасынын чек арасына киргизилсин.  
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом “ЭркинТоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын  02-октябры
№ 487