№80 Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-мартындагы №57 токтому менен 2018-жылдын 6-апрелине дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Буура жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 6-апрелиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 9-апрелиндеги натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Жунусов Самар Кадырбекович табылсын.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 6-апрелиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 9-апрелиндеги натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Ташиев Алтынбек Аликович табылсын.
3 Кара-Буура жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 16- апрели
№ 80
Бишкек ш., 2018-жылдын 16- апрели
№ 80