29.04.2021 №169 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Ат-Башы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Жер, Джаңы-Пахта, Кызыл-Туу, Күнтуу, Камышановка, Крупская атындагы, Кайназарова атындагы, Орок, Первомай, Саз,

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Ат-Башы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Жер, Джаңы-Пахта, Кызыл-Туу, Күнтуу, Камышановка, Крупская атындагы, Кайназарова атындагы, Орок, Первомай, Саз, Төш-Булак, Фрунзе, Новопавловка жана Төмөнкү-Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Сокулук районунун Асылбаш, Ат-Башы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Жер, Джаңы-Пахта, Кызыл-Туу, Күнтуу, Камышановка, Крупская атындагы, Кайназарова атындагы, Орок, Первомай, Саз, Төш-Булак, Фрунзе, Новопавловка жана Төмөнкү-Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Чүй облусунун Сокулук районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына 10 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51,  59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги

-Асылбаш айылдык кеңешинин

-Ат-Башы айылдык кеңешинин

-Военно-Антоновка айылдык кеңешинин

-Гавриловка айылдык кеңешинин

-Жаңы-Жер айылдык кеңешинин

-Джаңы-Пахта айылдык кеңешинин

-Кызыл-Туу айылдык кеңешинин

-Күнтуу айылдык кеңешинин

-Камышановка айылдык кеңешинин

-Крупская атындагы айылдык кеңешинин

-Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин

-Орок айылдык кеңешинин

-Первомай айылдык кеңешинин

-Саз айылдык кеңешинин

-Төш-Булак айылдык кеңешинин

-Фрунзе айылдык кеңешинин

-Новопавловка айылдык кеңешинин

-Төмөнкүү-Чүй айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын  29-апрели

№ 169