18.09.20 № 221 Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 9-сентябрындагы №142 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Кушубеков Анарбек Асанбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 7-октябрына дайындалсын жана саат 09:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:
- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 18-сентябры
№ 221