“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 24-майы
№ 101
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 24-майындагы № 101
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону
өткөрүү графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы |
Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы |
Эскертүү |
|
Ысык-Көл облусу Ак-Суу району |
|||
|
1 |
Бөрү-Баш |
2016-жылдын 10-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
|
Нарын облусу Ак-Талаа району |
|||
|
2 |
Жерге-Тал |
2016-жылдын 10-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
|
Кайра шайлоо
|
|||
|
Чүй облусу Кемин району |
|||
|
1 |
Кемин шаары |
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен |
|
Нарын облусу Ак-Талаа району |
|||
|
2 |
Терек |
2016-жылдын 7- июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен |
|
Нарын району |
|||
|
3 |
Учкун |
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |
|
Жумгал району |
|||
|
4 |
Чаек |
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен |
|
Баткен облусу Лейлек району |
|||
|
5 |
Бешкент |
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен |
|
6 |
Маргун |
2016-жылдын 7-июну, саат 14-00дөн 18-00гө чейин |
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен |