№153 2018-жылдын 27-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-июлундагы № 143 токтому менен 2018-жылдын 27-июлуна дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Тенизбаев Камбарбек Асипбаевич табылсын.
2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 31- июлу
№ 153