Жайыл, Кемин, Ноокат, Кара-Суу, Токтогул жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым шайлоо участкаларына киргизилген, бирок алыс жашаган шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кээ бир шайлоо участкаларды бириктирүү жана бөлүү боюнча сунуштарынын негизинде, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Кемин жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым шайлоо участкаларынын чек аралары 1-тиркемеге ылайык бириктирилсин.
- Ноокат, Кара-Суу, Токтогул жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым шайлоо участкаларынын чек аралары 2-тиркемеге ылайык бөлүнсүн.
- Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары бириктирилген жана бөлүнгөн шайлоо участкаларда участкалык шайлоо комиссияларды мыйзамга ылайык 2015-жылдын 15-августуна чейин түзсүн.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 6-августу
№ 107
2015-жылдын 6-августунда жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 6-августу
№ 107 токтомуна 1-тиркеме
Шайлоо участкаларын бириктирүү боюнча түшкөн сунуштар
|
№ |
АШКнын аталышы |
УШКнын № |
Шайлоочулардын саны |
Сунуш |
Чектери |
Эскертүү |
| 1 |
Жайыл |
7361 - 7362 |
1561, 491 |
Кара-Балта шаарында шайлоо участокторун бириктирүү |
№ 7361 Чек аралары: Октябрьский, Гоголь, Жамбул, Железнодорожный, Космический, МПС, Пионерский, Российский, Толстой, Жданов, Лиза Чайкина, Маяковский, Памир Тольятти, Свердлов көчөлөрү кирет |
Участок жоюлуп кеткендигине байланыштуу |
| 2 |
Кемин |
7015 - 7013 |
92, 1569 |
Орловка шаарында шайлоо участокторун бириктирүү |
№ 7013 Чек аралары: Веселый, Чехов, Первомайский, Московский, Центральный, Косяков, Мира, Горький, Спортивный, Садовый, Октябрьский, м/н Металлург, Бүркүт, Зеленый, Заводской, Кирпичный, Кудряшов, Школьный, Жеңиш, Арычный, Пионерский, Гагарин, Некрасов, Свердлов, Верхний, Шоссейный, Восточный, Школьный |
Шайлоочулардын аздыгы |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 6-августу
№ 107 токтомуна 2-тиркеме
Шайлоо участогун бөлүү боюнча түшкөн сунуштар
|
№ |
АШКнын аталышы |
УШКнын № |
Шайлоочулардын саны |
Сунуш |
Чектери |
Эскертүү |
|
1. |
Ноокат |
№ 5383 № 5384
|
1384, 1392, 1000 |
Т.Зулпуев атындагы айылында участок ачуу |
№ 5383 чек аралары: Осор айылындагы Ош көчөсүндөгү Т.Ураимованын үйүнөн баштап Калдай айылындагы Ж.Бакировдун үйүнө чейин Ж.Мамазияев, С.Калмуратов, Ы.Паязов, Ч.Мурзаматов, С.Жакшыбаев, М.Сыдыков, М.Нарбаев атындагы көчөлөр Карабагыш, Артылма айылдарындагы жашаган шайлоочулар толугу менен кирет, борбору К.Бобулов атындагы Баргы орто мектеби |
Шайлоо участкасы 4 км. алыс жайгашкан |
|
№ 5384 чек аралары: Атамерек айылындагы Б.Байымбетов көчөсүндөгү А.Апсатаровдун үйүнөн баштап Ош көчөсүндөгү А.Апсатаровдун үйүнөн баштап Береке-2 Т.Рысбаевдин үйүнөн баштап Береке-3, Береке-4 көчөлөрү, К.Рысбаев, М.Алмаматов, Э.Нуранов, Ж.Исмаилов, Ы.Рысбаев, Кут-Ордо-1, Кут-Ордо-2, Кут-Ордо-3, Кут-Ордо-4, Кут-Ордо-5, К.Турдубаев, С.Маматанов көчөлөрү, Таштак айылындагы А.Арзыкулов, М.Кабулчаев, М.Шарапмырза, Ярмат ажы көчөлөрү, Таш-Короо айылындагы жолдун чыгыш тарабында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет, борбору: Б.Атишов орто мектеби |
||||||
|
№ 5561 Чек аралары: Жатан айылындагы Т.Гадаев жана Ш.Токтосуновдун үйүнөн баштап С.Жакшыбаев көчөсү толугу менен Калдай айылындагы М.Нарбаевдин жана А.Эргешовдунүйүнөн баштап К.Бобулов, Монокбай ажы көчөлөрүнүн, Береке-1 кичи айылындагы Н.Абдуллаев, А.Исмаилова, А.Сабированын үйүнө чейинки Калдай айылынын жашоочулары кирет, борбору: айылдык маданият үйү |
||||||
|
2. |
|
№ 5420
|
684, 578 |
Он-Эки-Бел айылында участок ачуу |
№5420 чек аралары: М.Абдырахманов, Ж.Рахманов, А.Абдрахманов, Шорон, К.Турдуматов, Атанабад, Ысык-Көл, И.Ормонов атындагы көчөлөрүндө жашаган шайлоочулар толугу менен кирет, борбору: айыл өкмөтүнүн имараты |
Шайлоо участкасы 7-8 км. алыс жайгашкан |
|
№ 5562 чек аралары: Х.Жаникулов, Ж.Сатыбалидев, А.Абидинов, А.Ходжаев, Ы.Сраждинов, К.Кушбаков, О.Ташбеков, Тагай-Ата, Сыран-Ата көчөсүндөгү шайлоочулар. Ноокат-Кызыл-Кыя авто жолунун боюнда жайланышкан, чыгыштан Он-Эки-Бел айылынын тургуну Ы.Тажибаев менен Он-Эки-Мойнок айылынын тургуну К.Насировдун үйлөрүнүн ортосунан өтүүчү ички жолдон башталып, батышка карай батыштан М.Таникуловдун үйүнө чейинки жашаган шайлоочулар кирет, борбору: Кызыл-Дөбө орто мектеби |
||||||
|
3. |
Токтогул |
№ 2226 |
1358 467 |
Жаңы-Жол айылында участок ачуу |
№ 2226 чек аралары: Куйбышев айылынын Амандос, Аманбек, Сакен, Сманбай, Ыманалы, Нуржан, Султан, Салкын көчөлөрү кирет, борбору: Иманбаев атындагы орто мектеби |
Шайлоо участкасы 5 км. алыс жайгашкан |
|
№ 2419 чек аралары: Арал айылынын Кодуран, Самар, Кенжекара, Касым, Саалкан апа, Даияров көчөлөрү жана Кормоцех, Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Ала-Бел участогу кирет, борбору: Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин имараты |
||||||
|
4. |
Кара-Суу |
|
1390 1212 |
Папан айылында 2 участок ачуу |
№ 5563 чек аралары: Ак-Буура-1, Ак-Буура-2 айылдарынын чегинде № 5564 чек аралары: Ак-Буура-3, Ак-Буура-4 айылдарынын чегинде |
Шайлоо участкасы алыс жайгашкан |
|
5. |
Ысык-Көл |
№ 3019
|
1153, 450 |
Тамчы айылында участок ачуу |
№ 3019 чек аралары: Чырпыкты айылы толугу менен кирет, борбору: Чырпыкты айылынын клубу |
Шайлоо участкасы алыс жайгашкан, аралыгы 6 км. |
|
№ 3248 чек аралары: Кош-Көл айылы толугу менен, Гүлбакча конушу кирет, борбору ФАПтын имараты |