11.06.2021 г. № 404 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 227 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Шамаева Розакан Абдурахмановна катталган. Талапкер Найман айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Найман айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Р. А. Шамаева - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Шамаева Розакан Абдурахмановна Найман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Көчкөнов Данияр Абдыразакович, Маткаримов Курсанали Маматалиевич катталган. Талапкерлер Кулатов айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Кулатов айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Д. А. Кочконов – 30 добуш, К. М. Маткаримов – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Көчкөнов Данияр Абдыразакович Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Ноокат районунун Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Шамаева Розакан Абдурахмановна Ош облусунун Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Көчкөнов Данияр Абдыразакович Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 404