11.06.2021 № 413 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Манас районунун Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 249 токтому менен дайындалган Талас облусунун Манас районунун Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Изабеков Азизбек Абасович, Узенбеков Кубатбек Каныбекович катталган. Талапкерлер Кайынды айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Манас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Кайынды айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, А.А. Изабеков - 3 добуш, К.К. Узенбеков – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Манас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Узенбеков Кубатбек Каныбекович Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Акимбаев Алмазбек Абдижалилович, Акматов Мелисбек Рашатович Үч-Коргон айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Манас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Үч-Коргон айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, А.А. Акимбаев - 12 добуш, М.Р. Акматов – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Манас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Акимбаев Алмазбек Абдижалилович Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Манас районунун Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Манас аймактык шайлоо комиссиясынын Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Манас районунун Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Манас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Манас районунун Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Узенбеков Кубатбек Каныбекович Талас облусунун Манас районунун Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Акимбаев Алмазбек Абдижалилович Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Манас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 413