№404 Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө
2017-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын жараны Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлигин өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү жөнүндө арызы келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары-конституциялык Мыйзам) 52-беренесинин 1,7-бөлүктөрүнө ылайык, Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек.Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, шайлоо күнүнө 50 календарлык күн калгандан кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет
2017-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн 38 643 сандагы колтамга коюлган кол коюу барактары кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 17-августундагы №48 чечими менен колтамга коюу баракчаларын текшерүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти колдоо үчүн чогултулган 38 643 сандагы шайлоочулардын колтамгасы финансылоо тартибин бузгандыгы үчүн анык эмес деп табылган.
Бишкек ш. Райондор аралык сотунун 2017-жылдын 22-августундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 17-августундагы №48 чечимин мыйзамсыз деп табуу жөнүндөгү даттануусун канаатандыруудан баш тартылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2017-жылдын 30-августундагы токтому менен Бишкек ш. Райондор аралык сотунун 2017-жылдын 22-августундагы чечими күчүндө калтырылган. Конституциялык Мыйзамдын 45-беренесинин 9-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине, конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык каттоодон баш тартууга негиздердин бири болуп талапкерди колдогон шайлоочулардын так ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги саналат.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына бир нече документтерди, анын ичинде шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти берет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июндагы №1681- VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган. Каттоого керектүү документтер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер тарабынан 2017-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө берилиши керек.
2017-жылдын 31-августуна карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешович тарабынан шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документ берилген эмес.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө, талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат
Текебаев Өмүрбек Чиркешович тарабынан Конституцияда жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптар сакталбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын 49,52,53-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2017-жылдын 30-августундагы токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-сентябрындагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин шайлоо жана каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Жолдошбеков Алмазбек Жолдошбековичтин жана Токтакунова Аниса Аскаралиеванын ыйгарым укуктары токтотулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин шайлоо жана каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Жолдошбеков Алмазбек Жолдошбековичтин №1 жана Токтакунова Аниса Аскаралиеванын №2 каттоо күбөлүктөрү ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 4-сентябры
№404