21.08.20 № 171 Ноокен, Баткен жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ноокен, Баткен жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ноокен жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровнанын жана Шерматов Замирбек Ысмайыловичтин комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дуйшеев Тагайбек Ганыевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шерматов Замирбек Ысмайылович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Талиев Жыргалбек Адылбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Карабаев Мирбек Пазилидинович комиссиянын курамынан чыгарылсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 21-августу
№ 171