Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердин аймагында жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015- жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде 36 шайлоо участкалары түзүлсүн (тиркемеге ылайык).
2. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссияларынын курамын 2015-жылдын 15-августуна чейин түзсүн.
3. Бул токтом Бишкек шаардык аймактык комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Дж. Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 11-августу
№ 112
2015-жылдын 11-августунда жарыяланды