2014-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 11 токтому менен дайындалган Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Милянфан, 2014-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 14 токтому менен дайындалган Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка, Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү, 2014-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 12-январындагы № 22 токтому менен дайындалган Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 7-, 19-, 26-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын (1-тиркеме).
2.Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (2-тиркеме).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган шаардын мэрине жана айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 4-марты
№ 39
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 4-мартындагы
№ 39 токтомунун 1-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Чүй облусу Ысык-Ата району |
|||
|
Милянфан |
7.02.2014 |
||
|
Сокулук району |
|||
|
Ново-Павловка |
19.02.2014 |
||
|
Аламүдүн району |
|||
|
Васильевка |
19.02.2014 |
||
|
Баткен облусу Кадамжай району |
|||
|
Кадамжай шаары |
26.02.2014 |
||
|
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району |
|||
|
Саруу |
26.02.2014 |
||
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 4-мартындагы
№ 39 токтомунун 2-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
||
|
Чүй облусу Ысык-Ата району |
|||||
|
1. |
Милянфан |
Мусарова Зульфия Нурвундиновна |
7.02.2014 |
||
|
Сокулук району |
|||||
|
2. |
Ново-Павловка |
Садалиев Улан Шейшенбекович |
19.02.2014 |
||
|
Аламүдүн району |
|||||
|
3. |
Васильевка |
Бакаев Капарбек |
19.02.2014 |
||
|
Баткен облусу Кадамжай району |
|||||
|
4. |
Кадамжай шаары |
Камбаров Толкунжан Метинович |
26.02.2014 |
||
|
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району |
|||||
|
5. |
Саруу |
Асаналиев Турар Калыкович |
26.02.2014 |
||