№145 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты А.Т.Сариевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” чечимин бекитүү тууралуу
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык жана Бишкек шаардык сотунун №ЖИ-13/17, АБ-№04-84/18 ЖИ иш боюнча жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнундө иштер боюнча соттук коллегиясынын өкүмүнүн негизинде, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты А.Т.Сариевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты А.Т.Сариевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 2018-жылдын 3- июлундагы №5 чечими бекитилсин.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 11 -июлу
№ 145