18.02.2020 №48 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 13-февралындагы №35-б буйругу менен Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Султанов Махаматали Жоробаевич каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 14-февралындагы №15 буйругу менен Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы Юсупова Тоту Жумашевна өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 6-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ноокен жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-февралы

№48