Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тууралуу сунуштар боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 26–мартындагы № 4, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 29 чечимдеринин негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 2-апрели
№ 35
2015-жылдын 2-апрелинде жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 2-апрели
№ 35 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Нарын, Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо округдарынын чек аралары
Нарын облусу
Жумгал району
Көк-Ой айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны – 1436, мандаттардын саны – 11
№ 1 - “Көк-Ой” шайлоо округу.
Борбору: Көк-Ой айылындагы С.Турусбеков атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1174, мандаттардын саны – 9.
Чек аралары: № 4121 – “Көк-Ой” шайлоо участкасы жайгашкан Көк-Ой айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - “Эмел-Арал” шайлоо округу.
Борбору: Арал айылындагы Б. Кожоналиева атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочулардын саны: 262, мандаттардын саны – 2.
Чек аралары: № 4122 “Кичи-Арал”, № 4123 – “Арал” шайлоо участкалары жайгашкан Кичи-Арал жана Арал айылынын аймактары толугу менен кирет.
Чүй облусу
Жайыл району
Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2153, мандаттардын саны – 11
№ 1 – “Петропавловка” шайлоо округу.
Борбору: Петропавловка айылы, маданият үйү.
Шайлоочулардын саны: 1390, мандаттардын саны 7.
Чек аралары: № 7322 шайлоо участогу, Петропавловка айылынын Д.Бедный, Луговая, Шевченко, Комсомол, Садовый, Совет, Ярова, Ключевая, Восток, Краснооктябрь, Крупская, Мир, Молодежный, Юбилейный, Фрунзе, Пограничный көчөлөрү, МТФ-1, МТФ-2 участоктору кирет.
№ 2 – “Кызыл-Дыйкан” шайлоо округу.
Борбору: Кызыл-Дыйкан айылы, Кызыл-Дыйкан атындагы орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 763, мандаттардын саны 4.
Чек аралары: № 7323 шайлоо участогу, Кызыл-Дыйкан айылындагы көчөлөрү С. Бөлөкбаев, У.Сарыбаев, Москва, Арчалуу, Багышан, Ак- Суу участогу кирет.