29.04.2021 №160 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин Ноокат районунун депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин Ноокат районунун депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин Ноокат районунун депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Ноокат шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. Ноокат шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 5 саясий партия катталды, 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан, «Ата-Журт Кыргызстан» - 28,75% (6 мандат); «Бир Бол» - 27,90% (6 мандат); «Эмгек партиясы» - 16,20% (3 мандат); «Замандаш» - 13,16% (3 мандат); «Аманат» - 11,88% (3 мандат). Шайлоочулардын саны 8777 түзүп, анын ичинен 2599 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 29,61% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 5 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 25-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 29-апрели
№ 160