12.08.2020ж. №164 Талас шаарындагы, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды жана Бүргөндү айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Талас шаарындагы, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды жана Бүргөндү айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Талас шаардык, Алай жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы № 6106 шайлоо участкасынын дареги Ч.Айтматов көчөсүндөгү № 259 областык ооруканасынын имаратынан Ч.Айтматов көчөсүндөгү № 253 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ош облусунун Алай районунун № 5129 шайлоо участкасынын дареги Кошулуш айылындагы Бүлөлү айылдык кеңешинин имаратынан Кошулуш айылындагы Ж.Исаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 2186 шайлоо участкасы, Кыргызстан айылындагы Ы.Орозалиев көчөсүндөгү № 41 Э. Алиев атындагы орто мектебинин имаратынан Кыргызстан айылындагы Ы. Орозалиев көчөсүндөгү № 38 маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн;
- № 2401 шайлоо участкасы, Бүргөндү айылындагы Ак-Бата көчөсүндөгү № 6-б автобекеттин имаратынан Жаңы-Арык айылындагы С.Турдалиев көчөсүндөгү № 50 М. Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
4. Талас шаардык, Алай жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 12-августу
№ 164 Н. Шайлдабеко
Бишкек ш., 2020-жылдын 23-марты
№87