«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 16-апрели
№ 40
2015-жылдын 16-апрелинде жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 16-апрелиндеги
№ 40 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. |
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби |
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
|
Талас облусу Талас району |
||||
|
1. |
Бердике баатыр айылдык |
Борбашов Музурбек Турмабекович |
Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган |
№ 156, 15.12.2012-ж. |
|
Ош облусу Кара-Суу району |
||||
|
2. |
Кашкар-Кыштак айылдык |
Абдураимов Хуснидин Абдрашитович |
Өз арызы |
№ 155, 15.12.2012-ж. |
|
3. |
Кызыл-Кыштак айылдык |
Абдуллажанов Абдулла Гиязович |
Өз арызы |
№ 155, 15.12.2012-ж. |
|
Ноокат району |
||||
|
4. |
Ынтымак айылдык |
Жоробеков Нурбек Абдуназарович |
Муниципалдык кызматка дайындалган |
№ 155, 15.12.2012-ж. |
|
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району |
||||
|
5. |
Жети-Өгүз айылдык |
Сатыбалдиев Марат Джолоевич |
Мамлекеттик кызматка дайындалган |
№ 153, 15.12.2012-ж. |
|
Ак-Суу району |
||||
|
6. |
Отрадный айылдык |
Исираилова Дамира Джумашевна |
Өз арызы |
№ 153, 15.12.2012-ж. |
|
7. |
Теплоключенка айылдык |
Тыналиев Кубанычбек Усенакунович |
Өз арызы |
№ 58, 24.12.2012 |
|
Чүй облусу Жайыл району |
||||
|
8. |
Кара-Балта шаардык |
Ким Людмила Тхя-Хоновна |
Өлгөндүгүнө байланыштуу |
№ 14, 08.07.2014-ж. |
|
9. |
Суусамыр айылдык |
Балтабаев Таалайбек Бейшенбаевич |
Муниципалдык кызматка дайындалган |
№ 157, 15.12.2012-ж. |
|
10. |
Талды-Булак айылдык |
Смаилов Нурлан Аскарбекович |
Өз арызы |
№ 157, 15.12.2012-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын 2015-жылдын
16-апрелиндеги № 40 токтомунун
2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. |
Ээлеген кызматы, кызмат орду |
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
|
Талас облусу Талас району |
||||
|
1. |
Бердике баатыр айылдык |
Ногойбаев Кыдырбай Жекишович |
Убактылуу иштебейт |
№ 14, 30.03.2015-ж.
|
|
Ош облусу Кара-Суу району |
||||
|
2. |
Кашкар-Кыштак айылдык |
Абдымомунов Акылбек Абдымомунович |
Убактылуу иштебейт |
№ 66, 24.02.2015-ж. |
|
3. |
Кызыл-Кыштак айылдык |
Рахманов Дилмурад Дилдорбекович |
Убактылуу иштебейт |
№ 68, 19.03.2015-ж. |
|
Ноокат району |
||||
|
4. |
Ынтымак айылдык |
Исамов Равшанбек Артыкович |
Дыйкан чарбасынын мүчөсү |
№ 47, 26.03.2015-ж. |
|
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району |
||||
|
5. |
Жети-Өгүз айылдык |
Осмонакунов Эсенбек Токтосунович |
Токой чарбасы, башкы токойчу |
№ 2, 27.02.2015-ж. |
|
Ак-Суу району |
||||
|
6. |
Отрадный айылдык |
Ченгышев Эмиль Кенешпекович |
«Таза-Булак» коомдук бирикмесинин төрагасы |
№ 2, 17.03.2015-ж. |
|
7. |
Теплоключенка айылдык |
Урсеитова Кулуйпа Алиевна |
Жеке ишкер |
№ 2, 17.03.2015-ж. |
|
Чүй облусу Жайыл району |
||||
|
8. |
Кара-Балта шаардык |
Бегалиев Аскар Тимеркулович |
Дыйкан чарбасынын мүчөсү |
№ 180, 3.03.2015-ж. |
|
9. |
Суусамыр айылдык |
Иманкулов Адилет Дубанбекович |
Убактылуу иштебейт |
№ 26, 16.03.2015-ж. |
|
10. |
Талды-Булак айылдык |
Тилекматов Азамат Джумабекович |
Убактылуу иштебейт |
№ 26, 16.03.2015-ж. |