“Содружество” “Эгемен Кыргызстан” “Республика”, “Ата-Журт” саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөндөгү аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- “Содружество” саясий партиясынан Талас жана Чүй облустары боюнча 91 адам (тизмеси тиркелет);
- “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан 3 адам (тизмеси тиркелет);
- “Республика” саясий партиясынан 12 адам (тизмеси тиркелет);
- “Ата-Журт” саясий партиясынан 2 адам (тизмеси тиркелет);
2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 7-октябры
№310