Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 11-июнундагы № 13 чечими менен Хиязов Ибрагим Керимович Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин №2 шайлоо округу боюнча депутаты деп табылган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги
1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүнө, 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы №104 токтомунун төмөнкүдөй бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын:
- Арлиза Джумаз Кубезович жагынан Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду бекитүү;
- Арлиза Джумаз Кубезовичти Александровка айылдык кеңешинин №2 шайлоо округу боюнча шайланган депутаты деп табуу.
2. Хиязов Ибрагим Керимовичти Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин №2 шайлоо округу боюнча шайланган депутаты деп табуу жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын чечими бекитилсин.
3. Хиязов Ибрагим Керимович Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин №2 шайлоо округу боюнча шайланган депутаты деп табылсын.
4. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Александровка айылдык кеңешинин шайланган депутатын каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Москва аймактык шайлоо комиссиясына жана Александровка айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 28-июну
№ 113