Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Ош шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 2013-жылдын 20-декабрындагы № 3 протоколу менен таризделген чечим кабыл алынган.
“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктун, “Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4,6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 20-декабрындагы №3 протоколу менен таризделген, “Замандаш-Современник” саясий партиясынын № 7 чечими боюнча кабыл алынган чечими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 39 токтомунун Джолдошев Нурадил Балбаевичти “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча Ош шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Ош шаардык кеңешинин депутаты Джолдошев Нурадил Балбаевичтин күбөлүгү бул токтом жарыяланган күдөн тартып жараксыз деп табылсын.
4. Ош шаардык кеңешинин депутаты Джолдошев Нурадил Балбаевичтин каттоосу бул токтом жарыяланган күдөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
5. Мамбетов Камчыбек Айтанович “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча Ош шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп табылсын.
6. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча Ош шаардык кеңешинин депутаты деп Мамбетов Камчыбек Айтановичти каттасын.
7. Мамбетов Камчыбек Айтановичке Ош шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилсин.
8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 23-декабры
№ 186