Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 1-февралындагы № 60 буйругу менен Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.А.Ташкулов Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 26-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 9-февралы
№ 26