№458 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Бекназаровдун ишенимдүү адамынын укуктарын токтотуу жөнүндө

2017-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А.Бекназаровдон өзүнүн ишенимдүү адамынын кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү. 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 
7-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Бекназаровдун ишенимдүү адамынын Чилетова Айжан Дайыровнаны ыйгарым укуктары токтотулсун. 

2. Чилетова Айжан Дайыровнага №131 берилген күбөлүгү ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 20-сентябры
№458