20.01.2020. №5 Кыргыз Республикасынын Ош шаардык кеңешинин жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Ош, Лейлек, Аксы, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Аламүдүн, Токмок, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Жети-Өгүз, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылы 20-январыдагы №4 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдары менен шайлоо учактокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош шаардык кеңешинин жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2020-жылдын 20-январы
№ 5