11.05.2021 №195 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү жөнүндө
«Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө» Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечиминин негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 38-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 25-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө» Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечими бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 346 600 (үч жүз кырк алты миң алты жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү республикалык бюджеттен тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бөлүнгөн каражаттардын бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүлүшүн камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмелери менен иштөөнү камсыздасын.
5. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү өткөрсүн.
6. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-майы
№ 195