Нарын, Жумгал, Балыкчы жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө М.Сакиевдин, Ф.А. Молдокеевдин, А.Т. Калыковдун, А.К. Усенбаевдин, А.А. Байбосунованын арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сакиев Медетбек чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кенжебай уулу Канат киргизилсин.
2. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Молдокеев Фридон Асылбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сагынбаев Шахтербек Жолдошбекович киргизилсин.
3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калыков Адилет Таалайбекович жана Усенбаев Асанкул Кадыралиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исмаилов Урумбек Ишенбекович, Мамбетова Бурул Аскаровна киргизилсин.
4. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Кыргызстан үй куруучулардын партиясы” республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Байбусанова Асель Аалы-Мамбетовна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден “Калк Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Убалканов Азамат Мирланович киргизилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 9-июну
№59