№371 Бакыт Кудусович Дегенбаевдин арызы жөнүндө

2017-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Б.К. Дегенбаевден Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.

2017-жылдын 24-августунда Б.К. Дегенбаевден өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арызын берген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө Б.К. Дегенбаевдин 2017-жылдын 24-августундагы берген арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө Б.К. Дегенбаевдин арызы канааттандырылсын жана документтери кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.К. Дегенбаевдин шайлоо жана каржы маселелери боюнча Оморов Уларбек Бектурсуновичдин жана Кырбашев Азиз Азаматовичдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.

3. У.Б. Оморовго жана А.А. Кырбашевге берилген №11, №12 каттоо ырастамалары ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 25-августу 
№371