22.01.2020. №12 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процесси
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы
№212-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 44, 45-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1.1.-пунктта «шайлоо процессинин» деген сөздөрдөн кийин «жана даттануулардын реестрин жүргүзүүнүн» деген сөздөр менен толукталсын;
- 1.9.-пункттун биринчи абзацындагы «2» деген сан «3» деген санга алмаштырылсын;
- 1.9.-пункт төмөнкү редакциядагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан, аракет (аракетсиздик) жасалгандан кийинки күнү башталат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2.31., 2.3-2. пункттары менен толукталсын:
«Участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы келип түшкөн арыздын (датануунун) көчүрмөсүн дароо Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администраторуна жөнөтөт, өз кезегинде системдик администратор 24 сааттын ичинде арыздын (даттануунун) сканерленген көчүрмөсүн электрондук почта аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жоопту кызматкерине Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгашкан арыздардын жана даттануулардын Реестрине киргизүү үчүн жөнөтөт.».
2.3-2. Арызды (даттанууну) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечим Борбордук шайлоо комиссиясына 2.3-1-пункта белгиленген тартипте жөнөтүлөт.»;
- 2.4.-пунктундагы «2»деген сан «3» деген санга алмаштырылсын;
- 3.10.-пункт төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын:
«Арызды (даттанууну) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимге карата арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттануу чечим чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет. Аракетсиздикке даттанылган учурда, арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине даттанганда аракет көрүү керек болгон күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет.»
-3.11.-пункт төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын:
«Аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлерди каттоо, каттоону жокко чыгаруу жөнүндөгү, талапкерлердин тизмеси, ошондой эле арызды (даттанууну) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечим каралган даттануулардын тиркемеси менен дароо Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администраторуна жиберилет. Системдик администратор 24 сааттын ичинде чечимдин сканерленген көчүрмөсүн, каралган даттануулардын тиркемеси менен электрондук почта аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жоопту кызматкерине Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгашкан арыздардын жана даттануулардын Реестрине киргизүү үчүн жөнөтөт.».
3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 22-январы
№ 12