“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасы бекитилсин (тиркелет).
2.Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 6-сентябры
№ 238