№77 Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек........
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 31-майындагы № 273 буйругу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри Мумбаев Мухубилла Пахридинович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2019-жылдын 3-июнунда жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.
2019-жылдын 4-июнунда жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн.
2019-жылдын 7-июнунда жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 1-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 28-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөттөрүүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 1-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
4. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 1-июлуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 11-июну
№ 77