Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 14-январындагы № 1 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 2-февралында өткөрүлдү.
Ак-Талаа, Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2015-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Эдигеев Марат Кадырбекович табылсын.
2. 2015-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Пратов Жанылбек Калыкович табылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 11-февралы
№ 15
2015-жылдын 11-февралында жарыяланды