Республиканын чегинен сырткары жайгашкан айрым участкаларда шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны аз санда болгондуктан жана автоматтык түрдө эсептегич үкөктөрдү пайдалануунун зарылдыгынын жоктугуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүңдө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 24-сентябрындагы № 150 токтомунун 2-пунктунда «шайлоочулардын тизмеси» деген сөздөрдөн кийин «30» деген сан «55» деген санга алмаштырылсын, андан ары текст боюнча.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төраганын
орун басары А. Шайымкулова
Бишкек ш., 26-сентябрь 2015-жыл
№153
2015-жылдын 26-сентябрында жарыяланды