№489 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Токтайым Джумаковна Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Т.Дж. Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Дж. Уметалиеванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Бердикеев Эркин Токтоназарович катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Дж. Уметалиеванын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 02-октябры
№489