11.06.2021 № 410 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 229 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Калыков Турусбек Ашымович, Мамытов Эмилбек Качкынович, Өмүркулов Кенжебек Советович катталган. Талапкерлер Ак-Терек айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Ак-Терек айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Т.А. Калыков - 16 добуш, Э.К. Мамытов – 0 добуш, К. С. Өмүркулов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу Калыков Турусбек Ашымович Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Калыков Турусбек Ашымович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 410