Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 5-мартындагы № 6 буйругу менен Оро айыл өкмөтүнүн башчысы З.А.Тойчубекова, өзүнүн берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо 2015-жылдын 8-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияcы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 20-марты
№ 25
2015-жылдын 20-мартында жарыяланды