Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 20-мартындагы № 25 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 8-апрелинде өткөрүлгөн шайлоо боюнча Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 8-апрелинде өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сурапов Элеман Эргешович табылсын.
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 16-апрели
№ 39
2015-жылдын 16-апрелинде жарыяланды