06.01.2021 №13 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Баткен облусунун Лейлек районунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Тоң жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагындагы № 3207 шайлоо участкасынын дареги Жунушев көчөсү, 15 дарегиндеги Кажы-Сай айылынын “Бизнес инкубатор” ишканасынын имаратынан Жунушев көчөсү, 1 дарегиндеги айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
2. Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы төмөндөгү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 8013 шайлоо участкасынын дареги К. Ниязматов көчөсү, 6 дарегиндеги Кулунду айылынын маданият үйүнүн имаратынан Ленин көчөсү, 56 дарегиндеги айыл өкмөтүнүн имаратына;
- № 8207 шайлоо участкасынын дареги С. Садыков көчөсү, 108 дарегиндеги Интернационал айылынын спорт комплекс имаратынан Октябрь 60 жылдык көчөсү, 51 дарегиндеги Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин имаратына.
3. Тоң жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 6-январы
№ 13