“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык, 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы № 3 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 5-пункттагы “25” деген цифра “26” деген цифра менен алмаштырылсын;
- 8-пункттагы:
- “15-июлунда” деген цифра жана сөз, “1-августунда” деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
- “Борбордук шайлоо комиссиясы” деген сөздөн кийин, “аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча” деген сөз менен толукталсын;
- 10-пункттагы “5-июлунда” деген цифра жана сөз, “1-августунда” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 11-пункттагы “20-июлунда” деген цифра жана сөз, “5-августунда” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пункттагы “15-июлунда” деген цифра жана сөз, “1-августунда” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 13-пункттагы “25-июлунда” деген цифра жана сөз, “10-августунда” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 14-пункттагы “1” деген цифра “15” деген цифра менен алмаштырылсын;
- 15-пункттагы “4” деген цифра “16” деген цифра менен алмаштырылсын;
- 16-пункттагы “4” деген цифра “13” деген цифра менен алмаштырылсын;
- 50-пункттагы “10” деген цифра “21” деген цифра менен алмаштырылсын;.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 21-июлу
№ 44
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы – бул жерде