16.11.2020 №339 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исабеков Кубанычбек Сатиндиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер К.С. Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 16-ноябрында кир. № 01-06/3341 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин  3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Исабековдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Джанузаков Таштанбек Израилович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Исабековдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Боронбаев Шермат катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Исабековдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 16-ноябры

№ 339