29.04.2021 №161 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Т.Зулпуев, Мирмахмудов, Кара-Таш, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Бел, Көк-Жар, Найман, Он-Эки-Бел, Төөлөс, Кулатов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Т.Зулпуев, Мирмахмудов, Кара-Таш, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Бел, Көк-Жар, Найман, Он-Эки-Бел, Төөлөс, Кулатов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Ош облусунун  Ноокат районунун Көк-Бел, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Т.Зулпуев, Мирмахмудов, Кара-Таш, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Бел, Көк-Жар, Найман, Он-Эки-Бел, Төөлөс, Кулатов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Ош облусунун Ноокат районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына 1, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 9 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын  2021-жылдын 25-апрелиндеги

- Көк-Бел айылдык кеңешинин

- Кеңеш айылдык кеңешинин

- Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин

- Т.Зулпуев айылдык кеңешинин

- Мирмахмудов айылдык кеңешинин

- Кара-Таш айылдык кеңешинин

- Гулистан айылдык кеңешинин

- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин

- Бел айылдык кеңешинин

- Көк-Жар айылдык кеңешинин

- Найман айылдык кеңешинин

- Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин

- Төөлөс айылдык кеңешинин

- Кулатов айылдык кеңешинин

- Ынтымак айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 ТӨРАГА                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели

№ 161