|
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечими бекитилсин. 2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутатынын күбөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын. 3. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайланган депутатын каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун көчүрмөсү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жана Жалал-Абад шаардык кеңешине жөнөтүлсүн. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 30-марты № 78
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген 1-Тиркеме
Депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон шаардык кеңештин депутаты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген 2-Тиркеме Шаардык кеңештин шайланган депутаты болуп таанылган талапкер
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||