№125 2019-жылдын 23-августундагы өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын  6-августундагы № 113 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун  Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер - Айдаралиев Нургазы Сартбаевич жана Сарыев Исламбек Абдыевич катталган. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутаттан 20 депутат катышкан. Добуш берүүдө Н.С. Айдаралиев - 8 добуш, И.А. Сарыев – 10 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилген, жараксыз бюллетень – 1.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да катталган талапкер тийиштүү добуш албагандыгына байланыштуу эң көп добуш алган И.А. Сарыев экинчи турга чыгып, 13 добуш алган.

Шайлоонун натыйжасында И.А. Сарыев Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 – беренелерине , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 23-августундагы шайлоодогу добуш берүүнүн  жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын.

1.2. Сарыев Исламбек Абдыевич Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3.    Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 30-августу 
№ 125