№62 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К. Назаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

“Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Назаров Айтмамат Кошоевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Назаров Айтмамат Кошоевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Назаров Айтмамат Кошоевичтин күбөлүгү жараксыз деп эсептелинсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын ­­27-майы
№ 62