12.10.20 № 251 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш жана Нарын облусунун Коркор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөн

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш жана Нарын облусунун Коркор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы228 токтому менен 2020-жылдын 6-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.

Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы № 61 буйругу менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мамарасулов Баатырбек Сулайманович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы № 27-б буйругу менен Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбаев Майрамбек Жекшенович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы № 28-б буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо
2020-жылдын
26-октябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

2. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 30-октябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

3. Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 30-октябрына дайындалсынКум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 9:00дон 12:00го чейин, ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15:00дон 18:00го чейин өткөрүлсүн.

4. Ысык-Көл, Ноокат жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

              ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 12-октябры

№ 251