07.03.2020 №70 Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
- Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 4-мартындагы № 128 буйругу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэри Козубаев Кутугали Колчакович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. « Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 25-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 6-марты
№ 70