28.05.2021 №344 Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

2021-жылдын 20 жана 21-майында Нарын облусунун Нарын районундагы жаңы шайланган Миң-Булак жана Чет-Нура айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»    Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 17-июнуна дайындалсын жана саат 09-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 17-июнуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Коңурбаевга жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын  28-майы

344