«Мекен Ынтымагы», «Ар-Намыс», «Республика», «Ата-Журт», «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы» саясий партиялардан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан 16 адам (тизмеси тиркелет);
- «Ар-Намыс» саясий партиясынан Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустары жана Бишкек шаары боюнча 664 адам (тизмеси тиркелет);
- «Республика» саясий партиясынан 11 адам (тизмеси тиркелет);
- «Ата-Журт» саясий партиясынан 79 адам (тизмеси тиркелет);
- Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы» саясий партияларынан 2 адам (тизмеси тиркелет).
2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 28-сентябры
№ 286