13.09.2019. №136 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын укуктук ченемдик актыларын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» ...

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 59-1, 62-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1.1. 5-глава төмөнкү мазмундагы 5.11-1 пункту менен толукталсын:

«5.11-1. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.

Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

2) 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

3) 4 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

4) 5 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

5) 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

6) 7 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

7) 8 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

8) 9 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

9) 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

10) 11 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

11) 12 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

12) 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

13) 14 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

14) 15 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

15) 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.»

1.2. 5-Глава төмөнкү мазмундагы 5.11-2 пункту менен толукталсын:

«5.11-2. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Жобонун 5.11-1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда биринчи абзацта көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар ушул Жобонун 5.11-2.1.-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар ушул Жобонун 5.11-2.1.-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

5.11-2.1. Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.

5.11-2.2. Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болгондо мурда катталган талапкер шайланган болуп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.»

Мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга мандат берилет. Эгерде талапкер аялдар калбаса, тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.».

2. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 183 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2.1. «Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколдун формасы тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жетекчилике алып, иште колдонуу үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 13-сентябры 
№ 136